Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жасалма документине тиешеси бар үч адамга карата иликтөө башталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын сотко чейинки өндүрүш иши боюнча башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков билдирди.
«Тергөөнүн жүрүшүндө бул ишке тиешеси бар адамдардын саны өзгөрүшү мүмкүн. Аларга укуктук баа берилет”, — деди ал.
Эске салсак, шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. 20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну иликтөөлөрүнө байланыштырып, ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.