• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ИИМдин кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

1 Жалган куран 2024 10:16 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Аскер прокуратурасына А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ИИМнин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери К.М., С.У. жана Т.А. менен биргеликте анын “BMW X7” унаасын белгисиз адамдар ээлик кылып алгандыгына чара көрүү жана автоунаасын кайтарып берүү үчүн опузалап 20 миң АКШ долларын пара талап кылып жатканын билдирген.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттери менен 2024-жылдын 29-февралында Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана Ж.Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМнин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги К.М. жана анын тааныштары — ортомчулар С.У. жана Т.А. опузалап жаткан акчадан 4 миң АКШ долларын пара катары алган жеринен кармалышып, камакка алынышты.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 147