• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Терезенин темирине кыпчылып калган жаран куткарылды

28 Чын куран 20219:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында терезенин темирине кыпчылып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде куткаруу кызматына Улан-2 кичи районунда турак үйдүн биринчи кабатында эркек киши терезенин темирине тыгылып калгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аны дарыгерлердин катышуусунда атайын шаймандардын жардамы менен бошотушкан. Медициналык жардам талап кылынган эмес. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Количество просмотров: 204