• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Террордук аракеттерге катышкан чет элдик жаран кармалды

10 Бештин айы 2021 17:54 Бишкек Govori.TV

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында 2021-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында М.Ш.Р. аттуу чет мамлекеттин жараны террористтик ишмердүүлүккө катыштыгы бар деп шектелип кармалды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган адамдын Стамбулдагы клубдардын резонанстуу терактка тиешеси бар экени, анын натыйжасында 18 өлкөнүн 39 жараны набыт болгону аныкталган.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 115