• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТИМ Тажикстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды

9 Бугу 2020 17:14 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине КРдин жарандары менен аскерлерине гранатомёт, миномёт менен ок чыгарган окуя үчүн нааразычылык нотасы тапшырылды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды туруксуздаштырууга алып келген Тажикстандын аскерлеринин жана тургундарынын чагымчыл аракеттери тынчсыздандырары айтылды. Тажик тараптын аталган аракеттери элдин биримдигинин, тынчтык жана бейпилдиктин сакталышынын белгиси болгон Улуу Жеңиш майрамынын алдында жана ыйык Орозо айында жасалганы өкүндүрө турган окуя болгону белгиленди», — деп билдирет министрлик.

Министрлик, кыргыз тарап чек ара аймагындагы абалдын курчушунда жоопкерчилик тажик тарапта экенин билдирет жана кырдаалдын мындан ары курчушун болтурбоо үчүн кечиктирилбеген чараларды көрүүнү жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылат.

Эскерте салсак, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жаңжал чыгып, ок атылган. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы жана бир жергиликтүү тургун жарадар болгон.

Количество просмотров: 241