Тоң районунун Ички иштер органынын убактылуу кармоо жайындагы 19 жаштагы айыпталуучу асынып алган абалда табылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, окуя 29-мартта болгон.
«Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери баланы асынып калган жеринен табышып, сыйрытмактан чыгарып, медициналык биринчи жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин тез жардам чакыртылып, абак жайга келишкен дарыгерлер анын каза болгонун билдиришкен», — деди маалымат катчы.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле нөөмөттөгү кызматкерлерге карата кызматтык иликтөө дайындалган.
Белгиленгендей, каза болгон адам КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча шектелип жаткан. Ал 1984-жылы туулган аялды зордуктоо фактысы боюнча кармалып, 2 айга камакка алынган