• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Токаев: Бир жолку президенттик мөөнөт тууралуу жобо өзгөрбөйт

4 Үчтүн айы 2024 9:00 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституциядагы президенттин бир жолку жети жылдык мөөнөтү тууралуу жобо өзгөрбөй турганын билдирди.

Ал Токаевге президенттик шайлоого кайрадан катышууга мүмкүндүк берүү үчүн Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү пландалып жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.

«Бул туура эмес маалымат. Айрыкча мындай принципиалдуу маселе боюнча Конституцияга өзүм билемдик менен өзгөртүүлөрдү киргизүү мындан ары мүмкүн эмес экенине ишенем. Конституциялык реформа Негизги мыйзамга өзүм билемдик менен өзгөртүү киргизүү үчүн жасалган эмес. Конституцияда бир жолку президенттик мөөнөт тууралуу жобо өзгөрбөйт. Бул норма биздин мамлекетибиздин көз карандысыздыгы, биримдиги, аймактык бүтүндүгү жана башкаруу формасы жөнүндөгү нормалардай эле туруктуу болот», — деди Токаев «Эгемен Казакстан» гезитине берген маегинде.

2022-жылдын ноябрындагы президенттик шайлоодо Токаев 81,3 пайыз добуш алган.

Шайлоо Токаевдин демилгеси менен Баш мыйзамга мамлекет башчысына бир жолку жети жылдык мандат берүү жөнүндө жобо киргизилгенден кийин өткөн. Бийлик Конституцияга өзгөртүү киргизүү суперпрезиденттик башкаруу системасынан күчтүү парламенти бар президенттик башкаруу системасына өтүүгө мүмкүндүк берет деп билдирген.

Количество просмотров: 163