• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Токио-2020»: Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт

1 Баш оона 202116:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиаданын жарым финалында атаандашынан жеңилип калды. 

Медет кызы америкалык спортчу Аделина Мария Грей менен таймашып, 2:3 эсебинде артта калды. Айпери Медет кызы эми Олимпиаданын коло байгеси үчүн 2-август күнү күрөшөт.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси. 2020-жылы Азия чемпиону аталган.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. 

Количество просмотров: 914