• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Токмокто кикбоксинг боюнча мелдеште 14 жаштагы бала каза болгон учур видеого тартылып алынган

27 Баш оона 20189:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018.Govori.TV.
Чүй ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматыны каргашалуу окуя 19-август күнү болгонун тастыктайт. Саат 12.45те нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканада өспүрүм көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине барган ыкчам-иликтөө тобу жаш бала Ош облусунан Токмок шаарына спортчу Руслан Абасовду эскерүү үчүн уюштурулган кикбоксинг боюнча мелдешке келгенин аныктаган.
«Жаш спортчу биринчи эле раундда атаандашынан бир нече сокку алып, эс-учун жоготуп койгон. Ошол жерден ага спорттук мектептин дарыгери алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң аймактык ооруканага жеткиришкен. Өспүрүм байтапканадан көз жумган», — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция Токмок шаарындагы кикбоксинг боюнча мелдештен кийин каза болгон 14 жаштагы баланын өлүмү боюнча иликтөө ишин жүргүзүп жатат.

Иллюстративтик сүрөт.

Количество просмотров: 39