• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токмокто пенсионердин 3 миң долларлык алтынын ээлеп алган аял кармалды

27 Чын куран 2022 15:22 Бишкек Govori.TV

Токмокто пенсионердин 3 миң долларлык алтынын ээлеп алган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, март айында Токмок шаардык милициясына 73 жаштагы М.А. аттуу пенсионер аял кайрылган. Ал арызында цыган улутундагы белгисиз аял 3 миң 300 долларлык алтын буюмдарын алдоо жолу менен ээлеп алганын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектелип И.Р. аттуу аял кармалып, Токмок ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 928