• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Токмокто практикант кызга ыдык көрсөттү делген тергөөчү иштен кетти

12 Бештин айы 201913:28 Бишкек Govori.TV

Токмокто практикант кызга ыдык көрсөттү деп шектелген ИИБнын тергөөчүсү кызматтан кетти. Бул тууралуу 24.kg сайтына Чүй ОИИББдан кабарлашкан.

Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн материалы прокуратурада турат.

Эске салсак, буга чейин 17 жаштагы кыз прокуратурага арыз менен кайрылган. Анда тергөөчү өз иш бөлмөсүнө чакырып, эшикти ичинен жаап алып ага ыдык көрсөткөнү айтылат.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Количество просмотров: 125