• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Токмокто жаш жигитти сабаган шектүүлөр кармалды

5 Кулжа 202512:47 Бишкек Govori.TV

3-июнда Токмок шаарынын тургунун сабаган деп шектелген адамдардын тобу аныкталып, кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 27-майынан 28-майына караган түнү Токмок шаарындагы «Караван-Сарай» кафесинин аймагында 2005-жылы туулган Ж.Т. жаранга белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон.

Бул факты боюнча жабырлануучунун жакындары арыздангандан кийин сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында УКМКнын жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары С.Б., А.А. жана К.Н. аттуу 3 адам кармалды.

Кылмышка шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, укук коргоо органдары тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Белгилей кетсек, жабырлануучу Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургия бөлүмүндө жаак сыныгы диагнозу боюнча стационардык дарыланууда.

Количество просмотров: 204