• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токмоктогу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

4 Бугу 2021 12:47 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 11-апрелде өткөн Токмок шаардык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Арыз-дооматтар 3-майда БШКнын жыйынында каралып, Ички иштер министрлигинин өкүлү мыйзам бузуулар тууралуу документтерди көрсөткөн. Анын негизинде Токмок шаарындагы жети шайлоо тилкедеги добуштар жокко чыгырылды. Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоо президенттин чечиминен кийин белгилүү болот.

«Укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп, айрым фактылар тастыкталды. Укук коргоо органдарынын материалдарын негиз кылган БШКдагы жумушчу топ 7 тилкедеги — №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнү жокко чыгарууну колдоду»,-деп айтылат маалыматта.

11-апрелдеги шайлоодо Токмокто 5 партия ат салышып, анын ичинен төртөө 7 пайыздык чектен өткөн.

Андагы жыйынтык менен:

— «Эмгек» – 47.62%

— «Бирге» – 18.49%

— «Эл биримдиги» — 14.13%

— «Республика» – 11.92%

— «Ата Журт — Кыргызстан» – 4.06% добуш топтогон болчу.

Количество просмотров: 80