Токон Мамытов: «Жылда 40-50 миң үй-бүлө курулса, 20 пайызы ала качуу жолу менен ишке ашууда»
Токон Мамытов: «Жылда 40-50 миң үй-бүлө курулса, 20 пайызы ала качуу жолу менен ишке ашууда»
24 Тогуздун айы 2018 12:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
«Кыз ала качуу маселеси боюнча жыл сайын парламентке маалымат берилип турат»,-деди акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында.
Анын маалыматына караганда, жылына өлкөдө 40-50 миң үй-бүлө курулуп, анын 20 пайызы ала качуу жолу менен ишке ашат. Ал ала качуу жолу менен үйлөнгөндөр көйгөйлүү маселе бойдон калганын кошумчалады.
«Жылына өлкөдө 45-50 миңге чейин жаңы үй-бүлө курулат. Анын 20 пайызы кыз ала качуу менен ишке ашат. Ала качуунун 6 пайызы зордуктоо менен коштолот. Бул багытта 2014-2015-жылдары 72 кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 7 кылмыш иши иликтенип, 13 иш сотко жиберилген», — деди Мамытов.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …