• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Токтакунов: Асылбек Жээнбековду ЖЭБ боюнча сотко чакыртам

19 Бирдин айы 2019 13:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.02.2019.Govori.TV.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов ЖЭБдин модернизациясына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында сотко сурак берүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду чакыруу тууралуу өтүнүчүн келтирерин кабарлады.

«Келишимди ратификациялаган, мыйзамды кабыл алган парламент. Ратификация туура эмес болгон дешсе, анда депутаттарды суракка алыш керек. Асылбек Жээнбековду суракка алуу керек. Мен кандай болбосун, аларды сотко чакырам. Депутаттарды жоопко тартыш керек деп бул маселе боюнча прокуратурага расмий түрдө кайрылгам»,-деди Токтакунов.

18-февралда Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталгандардын иши боюнча соттук угуу башталды. Жыйын жабык өтүп, жактоочулардан башка эч ким сот залына киргизилген жок. Кийинки соттук отурум 20-февралда өтөт.

Бул маселе жакында парламентте каралганда экс-спикер Асылбек Жээнбеков жооп берип, депутаттар ал кезде өкмөттүн сөзүнө ишенип, колдоп бергенин айткан. Жээнбеков бул маселеде Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин кынтыксыз аткарып бергенин белгилеп, элдин да, парламенттин да ишеничин ошол келишимди түзгөндөр актаган жок деген бүтүм чыгарган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 28