Токтогүчүк Мамытов банкта “Аманат” сактоодо алданган жарандарды кабыл алды
Токтогүчүк Мамытов банкта “Аманат” сактоодо алданган жарандарды кабыл алды
4 Тогуздун айы 201817:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.10.2018. Govori.TV
Акыйкатчы Токтогүчүк Мамытов, банк кызматкерине алданып калган Өзгөн районунун Куршаб айылынан келген тургундарды кабыл алды.
Жалпысынан 45 адам келип, “Аман Банктын” филиалына 2011-жылдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин аманаттыкка акча салып, бирок банктан өздөрүнө алуу убактысы келгенде ала албай калышканын айтышты.
Ошондой эле Өзгөн шаарындагы “Аман Банктын” башкы кеңсеси эч кандай эсеп ачылган эместигин айтып, тургундардын акчасын банктын мурунку директору Жеңишбек Абдыкадыровдон өндүрүп алууну айтышкан.
Жашоочулардын айтуусунда Жеңишбек Абдыкадыров бул банкта 10 жыл 6 айдан бери эмгектенип келген. Ал “Аман Банктын” жетекчилеринин артын жабам деп элдин банкка салган акчаларын иштетип жибергенин айткан.
Бул маселе боюнча Акыйкатчы Мамытов мыйзам чегинде көзөмөл жүргүзүү болорун билдирилди.
Эскерте кетсек: Ош облусундагы Өзгөн шаарындагы “Аман Банктан» кызматынан кыянат пайдаланып, 1,2 млн сом чегерип алган кызматкер кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирген.