• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токтогазиев: Ун контрабандасынан эле бюджетке милларддаган акча түшпөй калган

3 Бирдин айы 2021 14:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарындагы маалымат жыйында айыл чарба министринин милдетин аткарып келген Тилек Токтогазиев чек арада көптөгөн маселелер бар экенин айтты.

Токтогазиевдин айтымында, көп жылдардан бери иштеп келген контрабанданын схемалары бар.

«Бүгүнкү күндө чек арада көп көйгөйлүү маселелер бар. Контрабанданын көлөмү 1 млрд сомго чейин жетет. Унду улпак же азык-түлүктүн башка түрү катары катташкандыктан бюджетке акча келип түшпөйт. Депутаттык корпуста биз жолтоо болгон белгилүү бир күчтөр бар. Биз саясий күчтөргө эмес, элге кызмат кылуу үчүн келгенбиз. Мен 100 күн бою өз ишибизди жоопкерчиликтүү жана таза аткардык деп айта алам», — деди Токтогазиев.

Количество просмотров: 957