• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйдү

7 Аяк оона 2020 10:01 Бишкек Govori.TV

7-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 24 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 511 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 280 куб метрге жетүүдө. Сентябрь айынын башында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14 млрд 864 млн куб метр болчу.

Кошумчалай кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Сууну агып келүүсүнүн активдүү мезгили май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.

Количество просмотров: 580