• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 32 млн куб метрди түздү

29 Кулжа 202110:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 32 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 715 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 412 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Количество просмотров: 182