• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 360 млн куб метрди түздү

13 Теке 2021 9:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июлда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 360 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 814 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 407 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Количество просмотров: 103