• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Токтогулда жер титиреди

19 Баш оона 202420:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-августта саат 17:55те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун билдиргенине караганда, жер титирөө Токтогул районунун Торкен, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Баштапкы маалыматарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

18-августта да таңкы саат 05:52де Бишкектен алыс эмес жерде силкинүү катталганын Сейсмология институту билдирген. Жер титирөөнүн күчү Бишкектен 30 чакырым түштүк-батыш тараптагы Кой-Таш айылы тарапта 2,5 баллды түзгөн.

Количество просмотров: 199