• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жалал-Абадда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. “Сасык чайыр” өсүмдүгүн саткандар аныкталды

18 Баш оона 2023 14:20 Бишкек Govori.TV

ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-август күнү саат 19:54дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында — 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында — 4 балл, Жалал-Абад шаарында — 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

«САСЫК ЧАЙЫР» ӨСҮМДҮГҮН САТКАНДАР АНЫКТАЛДЫ

Баткен облусунда “сасык чайыр” өсүмдүгүн чогултуу жана сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду. УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, үстүбүздөгү жылдын 8-август күнү Баткен шаарынын аймагында ак түстөгү «Тойота Эстима» унаасы кармалган. Унааны кароо учурунда салонунда жана багажында «сасык чайыр» дары өсүмдүгү аталган 12 даана көлөмүндөгү 35 литрлик идиштер табылган. Кармалган жүктүн жалпы салмагы 300 килограммдан ашык, көмүскө базардагы баасы 20 миң доллардан башталат. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо максатында тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында сасык чайыр өсүмдүгүнүн майын чогултууга тыюу салынган.

ТУРАК ҮЙ ӨРТТӨНДҮ

Бишкекте турак үй өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Бүгүн, 18-августта таң эрте Бишкек шаарынын Ленин районундагы Муромская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 суу ташуучу унаа тилсиз жоо менен күрөшүп, саат 8:13тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 120