• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Токтомамбетов: Фейктен корксок эмнеге депутат болдук?

30 Кулжа 2021 17:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Анда депутат Аманкул Токтомамбетов кесиптештерин Гүлшат Асылбаева сунуштаган «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө үндөдү.

«Кыргызда «чегирткеден корксоң, эгин экпе» деген жакшы сөз бар. Эгер биз фейктен корксок эмнеге депутат болдук? Тилди тартыш керек, фейктер жазгандын жок дегенде 10 пайызы чын болот. Экинчиден, депутаттарга көп сын айтылып араң жүрсөк, анан ар намысыбызды колдойбуз деп мыйзам чыгаруунун такыр кереги жок. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын, ар намысыбызды өзүбүз эле коргоп алабыз», — деди Токтомамбетов.

Количество просмотров: 154