• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ЦУМ, Жогорку сот, Санарип министрлиги… Бомба тууралуу маалыматтан улам бир нече имарат курчалды

19 Тогуздун айы 2023 11:27 Бишкек Govori.TV

19-октябрда Бишкектеги Жогорку сот, Ленин райондук сот, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратына жана «Айчүрөк» соода үйүнө бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматка ылайык, жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат милициянын «102» кызматына түшүп, аталган жерлерге милиция кызматкерлери барган.

Кошумчалангандай, имараттар курчоого алынып, кызматкерлер эвакуацияланган.

Буга чейин дал ушундай эле кабардан улам Бишкектеги “Азия Молл” соода жана оюн-зоок комплекси да курчоого алынган.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-октябрда жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалыматтар борбор каладагы бир нече мектептин электрондук даректерине да келген.

Теги:
Количество просмотров: 144