• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Туманбаева: Электр энергия тармагында таңкыстык жаралса, үнөмдөө керек

6 Тогуздун айы 2021 15:01 Бишкек Govori.TV

Электр энергия тармагында таңкыстык жаралса, үнөмдөө керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева билдирди.

«Дүйнө жүзүндө климаттык өзгөрүулөр орун алып, мөңгүлөр ээрип жатат. Бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттер дагы таза сууга муктаж болууда. Климаттын жылуулануусу жана өндүрүштүк газдын абаны булгашынан улам мөңгүлөр азайып жатат. Мисалы, биздин айылдагы «Ак-Муз» деген мөңгүбүз жылына 10 метрден тартылып жатат. Буга кен казуу иштери себеп болууда. Электр энергиясы мамлекеттик чоң көйгөй болуп жатат. Кургакчылык болду. Электр энергия тармагында таңкыстык жаралса, үнөмдөө керек»,-деди Туманбаева.

“Улуттук энергохолдинг” мамлекеттик ишканасы электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келе

Количество просмотров: 137