• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Турцияда жылкы сойгон кыргызстандык жарандарга 9 миң лир айып пул салынды

23 Жетинин айы 201817:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.11.2018.Govori.TV

Койсери шаарчасында  кыргызстандык 2 жаран жылкы союп жаткан жеринен кармалды. Турциялык “ИА Haberturk” маалымат агенттигинин берген маалыматы боюнча  жергиликтүү жашоочулар алардын жылкы союп жатканын көрүп калышкан. Бул учурду алар тасма түшүрүп,жандармерияга кайрылышкан.
Укук коргоо кызматкерлери окуя болуп жаткан жерге барып, аларды кармап калууга үлгүргөн. Алар кыргызстандык атасы жана уулу  экени анык болду. Кармалган жарандар жандыкты жеш үчүн союп жатканын айтышкан.
Турциянын ветеринардык кызматы  жарандарга 9 миң лир айып пул салды (118 миң сом). Аттын эти жок кылынды.
Количество просмотров: 69