• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга учуп кетти

19 Жетинин айы 2020 9:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга учуп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тараптардын жолугушууларында Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссияларынын мындан аркы жумуштарына өзгөчө көңүл бурула турганы кабарланды.

Иш-сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана башка аткаминерлери менен жолугушат. Жолугушуулар эки күн, 19-20-ноябрь күндөрү болот.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик кызматташуусунун саясий, соода-экономикалык маданий-гуманитардык жана башка кеңири маселелери талкууланмакчы. Мындан сырткары коопсуздук темасы да сөз болушу күтүлүүдө.

Количество просмотров: 32