• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөндөргө кандай чара көрүлөт?

24 Жалган куран 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

КРнын ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев тыюу салынган учурда көчөдө жүргөндөргө кандай чара көрүлөрүн айтып берди.

Анын айтымында, эртеңден баштап өзгөчө абал Бишкекке киргизилет. «Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандар ички иштер органдары тарабынан өздүгүн жана көчөдө жүрүү себебин аныктоо үчүн чектөө убактысы бүткөнгө чейин убактылуу кармалат. Ал эми өздүгү аныкталбаган жарандар кармалат жана шаар тургуну болуп чыкпагандар коменданттык аймактан чыгарылат», — дейт Орозалиев.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган.

Количество просмотров: 184