• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Убактылуу өкмөт 8 жылдан кийин. Ким кайда?

6 Чын куран 201817:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.04.2918.Govori.TV

2010-жылы 7-апрелде бийликти колго алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 8 жыл бою эмне кызматтарды аркалады, 8 жылдан кийинки тагдыры кандай болду? Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн 8 жылдагы ээлеген кызматтары тууралуу маалымат.

  1. Роза Отунбаева-Убактылуу өкмөттүн төрайымы, 27-июндан тарта Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти. 2011-жылы 1-декабрда кызматын өткөзүп берип экс-президент статусун алган. Учурда «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондун жетектейт.

2. Алмазбек Атамбаев-Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары. 2010-2011-жылдары Кыргызстандын премьер-министри, 2011-жылы 1-декабрдан тарта Кыргызстандын президенти болуп иштеди. Кызматтан 2017-жылы 24-декабрда кетип, 2018-жылы 31-мартта КСДП партиясынын лидери болуп партия съездинде шайланды.

3. Өмүрбек Текебаев-Убактылуу өкмөттүн төраймынын орун басары, 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган конституциянын автору, 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын, 2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери, 2016-жылдан тарта ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен келишкис оппозицияда болуп, 2017-жылы 26-февралда камакка алынып, 8 жырга эркинен ажыратылган. Учурда 47-колонияда жазасын өтөөдө.

4. Азимбек Бекназаров-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Убактылуу өкмөт тарагандан кийин мамлекеттик кызматка келген жок. Ага 2017-жылы Башкы Прокуратура тарабынан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда жалган көрсөтмө берүү боюнча кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого катышты. Азимбек Бекназаров бул жылдар аралыгында 7-апрель тууралуу бир нече китептерди жазды.

5. Темир Сариев-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо революцияга оралдык укугу бар «Ак Шумкар» партиясы өтпөй калган. 2011-2012-жылдары Экономика жана антимонополдук саясат боюнча министр, 2012-2015-жылдары Экономика министри, 2015-2016-жылдары өкмөт башчы болуп иштеди. 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо өтпөй калды.

6. Исмаил Исаков-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңеш депутаты болду. Учурда саясаттан алыстап кетти.

7. Эльмира Ибраимова-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2012-2016-жылдары Эсептөө палатасынын төрайымы.

8. Кеңешбек Дүйшөбаев-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2010-2012-жылдары Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2012-2013-жылы Наркотикти көзөмолдөө боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик кызмат жетекчиси, 2013-2015-жылдары ШКУнун баш катчысынын орун басары.

 

9. Эмилбек Каптагаев-Убактылуу өкмөт мүчөсү, Президент Роза Отунбаеванынын аппарат башчысы, 2013-2016-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору.

10. Болот Шер-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңеш депутаты.

 

11. Иса Өмүркулов-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2010-2013-жылдары Бишкек шаарынын мэри, 2015-жылдан тарта Жогорку Кеңеш депутаты.

12. Дүйшөнкул Чотонов-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2011-2016-жылдары Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси. 2017-жылы 26-феврала Өмурбек Текебаев менен кошо кармалып 8 жылга эркинен ажыратылган.

13. Абдыганы Эркебаев-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2012-2017-жылдары Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеди.

14. Топчубек Тургуналиев-Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2011-жылдан тарта РСК банктын директорлор кеңешинин мүчөсү.

Количество просмотров: 46