• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Учакта дарыгер кыргызстандык наристени сактап калды

21 Жалган куран 2021 15:34 Бишкек Govori.TV

Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын жеке дарыгери, Түркия парламентинин депутаты Режеп Шекер учакта жүрөгү кармап калган кыргызстандык наристени ажалдан куткарды. Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, окуя 19-мартта Бишкек – Стамбул аба каттамында бараткан кезде болгон. Жүргүнчү учагы Бишкек шаарынан көтөрүлгөндөн бир канча убакыттан кийин, Анкара шаарына жакындап калганда, энеси менен келаткан эгиз наристенин бирөөсүнүн абалы начарлай баштаган. Мындан улам борттогу кызматкерлер каттамда чогуу келаткан дарыгер Режеп Шекерге жардам сурап кайрылышкан.

«Учакка отурганда жүргүнчүлөрдүн бири ооруп калды. Мага жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Наристени колума беришкенде көк болуп, дем албай калыптыр. Анын жүрөгү токтоп калганы белгилүү болду. Мен жүрөгүнө массаж жасап, жасалма дем алдырдым. Ошондо гана наристе өзүнө келди», — деп билдирген дарыгер.

Количество просмотров: 144