• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

UFC: Валентина Шевченконун кезектеги беттеши америкалык Жессика Ай менен болот

23 Үчтүн айы 2019 9:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019. Govori.TV

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC’нин алкагындагы кезектеги беттешин америкалык Жессика Айга каршы өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун президенти Дана Уайт билдирди, деп жазат MMAFighting.

Валентина Шевченко Жессика Ай менен беттешет. Менин оюмча, ушул чечим туура болот, – деди Дана Уайт.

Анын пикиринде, азыр Шевченконун эң татыктуу атандашы Жессика Ай.

Азырынча Шевченко менен Жессика Ай октагондо качан жана кайсы шаарда беттешери тууралуу маалымат жок.

Эске салсак, 2018-жылдын декабрь айында Валентина Шевченко (эң жеңил салмакта — 57 кг) польшалык Йоанна Енджейчикти жеңип, UFC’нин чемпиону болду.

Жессика Ай акыркы урушунда Кэтлин Чукагянды утуп, UFC’нин рейтингинде 1-орунга чыккан.



Количество просмотров: 22