• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

УКМК: 20 млн сомдук буюмдарды мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды

1 Кулжа 2024 12:49 Бишкек Govori.TV

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз түрдө товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, 31-майда “Чоң-Капка авто-жол” контролдук өткөрүү пунктунда А.К.А., С.к.Ж., С.К.А.лардын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаалардын ичинен тиешелүү документтери жок 20 миллион сомдон ашык суммадагы текстиль буюмдары жана башка материалдык буюмдар табылды.

Учурда бул факты боюнча аталган мыйзамсыз жосундун шериктерин жана милдеттүү салыктарды, башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 214