• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК: 5 жаран «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты

14 Жалган куран 202310:51 Бишкек Govori.TV

Ноокендин 5 тургуну Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыктын жүргүзгөн иштеринин натыйжасында Ноокен районунун тургундары уюмдан эл алдында баш тартышкан. Ага чейин алар «Хизбут-Тахрирдин» активдүү мүчөлөрү катары экстремисттик идеологияны жайылтып келишкен.

Айтылган жарандар эл алдында өздөрү тандаган багыт туура эмес болгонун моюндарына алышып, башкаларды туура эмес иштерге азгырылып кетпөөгө чакырышкан.

Теги:
Количество просмотров: 59