• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК: Атамбаев күнү-түнү дарыгерлердин байкоосунда болууда

25 Бугу 202012:43 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал күнү-түнү дарыгерлердин байкоосунда болууда. Азыркы учурда анын эч кандай даттануусу жок жана анын медициналык кароодон өтүүгө муктаждыгы жок.

Атамбаев учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Мурдагы президент бир катар кылмыш иштери боюнча айыпталууда. Алсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон окуялар боюнча.

Количество просмотров: 236