Мурунку президент Алмазбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча сот отурумуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык.
«Эч кандай доосу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум өтмөк. Бул иш боюнча 14 айыпталуучу бар, алардын бири Алмазбек Атамбаев. Бирок отурум Атамбаев, жактоочулар жана жабырлануучу тарап келбегендиктен 27-апрелге жылдырылды.