• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

УКМК: Аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды

10 Аяк оона 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекети экономикалык контрабанда фактысы боюнча «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринин жогорку кызмат адамдары Ж.Д. жана М.Е. кармалганын кабарлады. Алар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-августунда бажылык жол-жоболордон өтпөгөн «Түндүк» темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу унаа кармалган. Алар Бишкекти көздөй жөнөп, «Дордой» базарынын аймагына келип, бекитилген түзүлүштөрдү ачып, товарларды жарым-жартылай түшүргөн.

«Тергөөдө аныкталгандай, жүктөрдү түшүрүү «ALG» ЖЧКсынын кызматкерлеринин шериктештиги менен ишке ашырылган. Ал эми «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтүү КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын демөөрчүлүгү астында жүргүзүлгөн. Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк бажы мамилелеринде фирмалык кийим түрүндөгү товарларга салыштырмалуу төмөн баада жол-жоболоштурулуучу трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган. Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 412