• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК: Аткезчилик менен келген 10 млн сомдук дары-дармек табылды

10 Үчтүн айы 202215:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагына дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-январда «Чоң-Капка-авто жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Вольво» жүк ташуучу унаасы кармалган. Анын айдоочусу Т.А. чек арадан дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Унааны текшерүү учурунда жалпы баасы болжол менен 10 миллион сомдон ашык болгон, «ар түрдүү товарлар» деп катылган 224 кутуча дары-дармек табылды. Ошол эле учурда бул дары-дармектердин тиешелүү документтери жок болгон. Орусиядан келген унаа республиканын түштүгүнө бара жаткан.

Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде контрабандалык жүктүн чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 243