• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК Бабановдун машыгып жаткан видеосу жөнүндө билдирүү таратты

21 Кулжа 2021 13:21 Бишкек Govori.TV

УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан Өмүрбек Бабанов ал жакта машыгып жатат делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат жана анын ичинде сүрөт-видеого тартуу тыюу салынган. Аталган видео материал фейк болуп эсептелинет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалган.

Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган.

Количество просмотров: 3892