• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК башчысы Ташиев алайлык аксакалдын өтүнүчүн аткарды

25 Теке 202415:01 Бишкек Govori.TV

Cоциалдык тармактарда Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Могол айылында жашаган Абдибап Мусулманкулов өлкө башчысына жана КР УКМК төрагасына кайрылып, кызы Динара Муратовага жана беш небересине өздүгүн тастыктаган документтерин алууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

А.Мусулманкуловдун айтымында, алардын үй-бүлөсү турмуштук кырдаалга жана оор шарттарга байланыштуу документтерди ала алышкан эмес. Буга чейин калкты документтештирүү органдарына бир нече жолу кайрылганы менен тууралуу күбөлүктүн жоктугунан документ бере алышкан эмес.

Аксакалдын айтымында учурда анын кызы Динара 25 жашта, үй-бүлөлүү, беш баласы бар, бирок туруктуу өздөрүнө таандык үйү жок. Мындан тышкары, өздүгүн тастыктаган документтери жок болгондуктан, балдарды ооруканага да, мектепке да киргизе алышкан эмес. Ошондуктан, аксакал кызынын документтерин алууга жардам берүү өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине кайрылган.

Мындан улам, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда А.Мусулманкуловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана неберелерине баалуу белектер тапшырылды. Ошондогй эле, тийиштүү мекемеден билдиришкендей учурда документтерди даярдоо процесси журуп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 353