• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

УКМК: Бажы жана сот кызматкери конфискацияланган товарды мыйзамсыз саткан

1 Жетинин айы 2023 12:45 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматында жана сот аткаруучулар кызматындагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыш фактынын бетин ачылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкнедей, 2023-жылдын 27-июлунда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алынып келинген 24 миң 738 кг салмактуу “Serbetli” аталышындагы болжолдуу баасы 48 млн 706 миң 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Белгиленгендей, бирок, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн..

2023-жылдын 18-октябрында жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 497 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2023-жылдын 31-октябрында “Бажы инфраструктурасы” ММнин Түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБнын башчысы М.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмышка шектүү делип кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 293