• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

УКМК: Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран Москвада кармалды

15 Жетинин айы 2023 10:12 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында Кыргызстанда массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган КР жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган «Фейсбук» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган КР жараны К.Н.К. мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Н.К. Россиянын аймагынан кармалып, Кыргызстанга алып келинди.

Учурда соттун санкциясынын негизинде К.Н.К. 2023-жылдын 20-ноябрына чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 113