• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

УКМК билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчисин кармады

4 Аяк оона 2023 12:21 Бишкек Govori.TV

Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы башкы эсепчиси подрядчылардан акча чыгарып алуу жана уурдоо боюнча коррупциялык схемага катышкан деген айып менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мамлекетке 8 миллион 637 миң сом зыян келтирилгени текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган. 2023-жылдын 2-сентябрында РББнун мурдагы башкы бухгалтери Н.М. бул ишке катыштыгы бар экенин билип калып, мамлекеттен чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды, мындан тышкары, тергөө органына биринчи чакыруу боюнча келүүдөн жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу республиканын аймагынан чыгып кетүүгө, башкача айтканда, тергөөдөн жашырынууга аракет кылган.

«Жогоруда аталлган Н.М. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда КР УКМК чек ара кызматы тарабынан кармалып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМКга өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда КР УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 201