• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек мэриясында коррупциялык схема аныкталды

26 Бирдин айы 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Такталгандай, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы «Д.Д.Б.» жооптуу адамдар менен биргеликте, спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөңдүргөнфиктивдүү документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок, ал машыгуулар уюштурулган эмес. Иш жүзүндө машыктыруучулар жана спортчулар аталганкагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 млн сом сарптаганы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-б. (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1736