• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: чагымчыл видео тараткандар кармалды

24 Бештин айы 2018 16:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.12.2018.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда кытай жарандарынын укук бузган иш-аракеттери тууралуу социалдык тармактарда түрдүү маалымат жайылтып жаткандар боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Ушул багытта чагымчыл кабарларды жайылткан бир катар адамдар аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Деструктивдүү күчтөр атайын материалдарды даярдап таратып, коомчулуктун оюн башка нукка буруп, Кыргызстандагы кырдаалдын туруктуулугун бузуу максатын көздөп жатышат”, — деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.

УКМК сөз болуп жаткан бир катар материалдардын арасында 2015-жылы Казакстанда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн алты жашар кыздын тартылган видеосу да бар экенин, бул иш боюнча күнөөлүүлөр кармалып, соттолгонун билдирди. Ошону менен катар атайын кызмат мыйзамсыз иш-аракеттерге курал болуп, кылмыштуу күчтөргө көмөкчү болбоо зарыл экенин эскертүүдө. Маалыматта улут аралык, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер мыйзам чегинде жазага тартылары да белгиленген.

Булак: Азаттык

Теги:
Количество просмотров: 6