• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Чет элдик студенттерден пара алган мугалимдер кармалды (видео)

18 Кулжа 2021 17:42 Бишкек Govori.TV

Ж.Баласагын атындагы КУУнын Ош филиалынан пара алуу схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Пара алуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

«Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан, муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөнү аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракетерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 15667