• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

УКМК Даниел Ажиевден 500 миң доллар алынганын айтты

17 Тогуздун айы 2023 16:00 Бишкек Govori.TV

Вебкам-студия иштеткен Даниел Ажиевдин мыйзамсыз иштеринен мамлекетке 500 миң АКШ доллары алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК веб-камера студияларынын (атайын интернет-ресурстар аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү) ишин координациялоочу трансулуттук кылмыштуу топту уюштурган чуулгандуу Д. Ажиевге карата кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Д. Ажиев башка өлкөнүн жарандарынын ичинен 300дөн ашык “веб-камера моделдеринин” операторлору кирген адамдардын тобун жетектегени аныкталган. Д. Ажиев тарабынан кылмыштуу аракеттерден мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын жүгүртүүсү ай сайын болжол менен 300 миң АКШ долларын түзгөн. Бул иш боюнча топтун 8 активдүү мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, алардын алтоосу, анын ичинде Ажиев өзү кармалып, экөөнө издөө жарыяланган.

«Айрым интернет-ресурстарда Д.Ажиев КР бюджетине демөөрчүлүк катары 44 млн сом өлчөмүндө каражат кошкон деген маалыматтарга байланыштуу, УКМК төмөнкүлөрдү белгилөөнү зарыл деп эсептейт. УКМК тарабынан Д.Ажиевдин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында ээ болгон активдерин издөө боюнча иш жүргүзүлгөн. Ажиев 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын анын алдын алуу чарасын өзгөртүп берүү үчүн акы катары тергөөгө сунуштаган. Жыйынтыгында Д.Ажиевдин жубайынан 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты алынып, мыйзамда белгиленген тартипте тергөөнүн алкагында камакка алынган. Д.Ажиевдин Кыргыз Республикасынын бюджетине өз ыктыяры менен каражат кошкондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана анын жүйөлөрү негизсиз жана коомчулукту адаштырууга гана багытталган. Андан сырткары, тергөө тарабынан Д.Ажиевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү, анын ичинде кымбат баалуу автоунаалар жана батирлер камакка алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Ажиевге карата козголгон кылмыш иши акыркы стадияда, айыптоо корутундусу бекитилгенден кийин сотко жиберилип, анда маңызы боюнча, анын ичинде камакка алынган мүлктөрү боюнча да каралат.

Количество просмотров: 155