• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

УКМК: Эки диний балдар лагери аныкталып, ишине бөгөт коюлду

11 Теке 2024 13:11 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз диний ишмердүүлүккө каршы күрөшүүнүн алкагында эки диний балдар лагеринин көмүскө ишмердүүлүгү аныкталып, аларга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган мекемелер өз ишмердүүлүгүн КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөстөн жүргүзгөндүгү аныкталып, анда 6-17 жаштагы 110 бала (балдар жана кыздар) билим алган.

«Жашыруун лагерлердин уюштуруучусу КР жараны А.А.А., 1992-жылы Тажикстан Республикасында туулган. Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө аталган лагерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды, билим берүү программаларын ж.б. сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.
Учурда аталган балдар диний лагеринин ишмердүүлүгү токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Маалымдама: «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбейт», — деп жазылат маалыматта.

КР УКМК ата-энелерге балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде балдардын диний лагерлерине берээрден мурун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний объекттин иштешин камсыз кылууну эскертет. Ал эми тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 128