• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

УКМК: Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу каналдары аныкталды

24 Тогуздун айы 2023 17:46 Бишкек Govori.TV

Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу каналдары аныкталып, бөгөт коюлду, деп билдире Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, терроризмге каршы көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын октябрында УКМК тарабынан КР аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча 2 каналга бөгөт коюлду.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары О.А. жана С.Т. аталган ДЭУнун медиа канатынын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелип кармалды, ошондой эле алардын жашаган жеринен төмөнкүдөй буюм далилдери табылып, алынды: дисктер, смартфондор, ноутбуктар, өндүрүштүк принтерлер.

Кармалгандар КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАК 21-тергөө абагына киргизилди.

УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Теги:
Количество просмотров: 80