• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдардын финансисти кармалды

29 Тогуздун айы 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

Эл аралык террористтик уюмдардын финансисти кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрында УКМК эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында 25 жаштагы «И.Н.» аттуу КР жаранын кармалды.

Кармалган адам ЭТУ жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын Сирияда согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн чогултуп жүргөндүгү аныкталды.

Террористтик ишти каржылоо фактысы боюнча сотко чейинки материалдар кылмыштардын жана жолуктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 143