• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

УКМК эл аралык террористтик уюмдун жактоочусун кармады

24 Теке 2023 15:48 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмдардын жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 1995-жылы туулган М.Д.М. 2015-жылы Кыргызстандан чыгып, Сирия Араб Республикасына эл аралык террористтик уюмдардын тарабында куралдуу кагылышууларга катышууга аракет кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин негизинде (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) кылмыш иши козголгон.

«Кармалган жарандын жашаган жеринен жана жеке унаасын тинтүү учурунда 1 даана белгисиз автоматтык курал (АК-74 түрүндө), 30 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, ошондой эле 34 даана диний адабияттар (китеп-брошюралар) табылып алынды»,-деп жазылат маалыматта.

М.Д.М. УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 86